Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

Түркмөн президентинин уулу чоң атасынын атындагы медал менен сыйланды


Сердар Бердымухамедов
Сердар Бердымухамедов

Түркмөнстан президентинин уулу “Мекенге сиңирген эмгеги үчүн” чоң атасы Маликгулы Бердымухамедов атындагы медал менен сыйланды.

Бирок мамлекеттик ТДХ маалымат агенттиги негедир медал алгандардын тизмесине Сердар Бердымухамедовду кошпогонун “Түркмөнстан хроникасы” порталы жазып чыкты. Сыйлык 27-октябрь, өлкөнүн эгемендик күнүндө тапшырылган.

Сердар учурда парламент депутаты, майордук чини бар. Айрым бейрасмий маалыматтар боюнча ал атасынын мураскерлигине даярдалууда. «Азаттыктын» түркмөн кызматы президенттин уулунун өлкө ишмерлери менен жолугушуулары мамлекеттик медиада кеңири чагылдырылып, акыркы кездери анын саясий активдүүлүгү байкалып жатканын жазды. «Фергана» агенттигинин маалыматы боюнча Сердар өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жалгыз уулу.

Маликгулы Бердымухамедов атындагы медал ушул жылдын августунда негизделген. Сердардын чоң атасы кезинде мугалим жана түзөтүү мекемелеринин бөлүм башчысы болуп иштеген.

XS
SM
MD
LG