Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

"Саякбай" фильми "Алтын глобус" сыйлыгына көрсөтүлдү


Режиссер Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" көркөм тасмасы эл аралык "Алтын глобус" сыйлыгына көрсөтүлдү. Кыргызстан кинометографисттер бирикмеси сунуштаган фильмди аталган сыйлыктын уюштуруу комитети кабыл алды. Бирикменин төрагасы Таалай Кулмендеев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, эми аны комиссия карап, тийиштүү чечим кабыл алат.

Тасманын дүйнөлүк бет ачары быйыл 31-августта эл аралык Монреал фестивалында болгон. Анда атактуу манасчы Саякбай Каралаевдин таланты жана манасчылык өнөрү тууралуу баяндайт. Манасчынын ролун Марат Жанталиев аткарган.

Эл аралык кинопресса ассоциациясынын “Алтын глобус” (Golden Globe Award) сыйлыгы жыл сайын тапшырылат. Жеңүүчүлөр 25 номинацияда тандалат. Анын 14ү кино, 11и телеэкрандагы эмгектер.

Серепчилер “Алтын глобус” сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн Америкалык киноакадемиянын “Оскар” сыйлыгына татыктуу талапкерлер катары баалап келет. (SЕ)

XS
SM
MD
LG