Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:34

Бишкекте милиция кызматкери бычакталып каза болду 


Уларбек Майрамбеков.
Уларбек Майрамбеков.

Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Уларбек Майрамбеков 26-октябрда бычакталып каза болду. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 25 жаштагы ага-лейтенант Майрамбеков Криминалдык милиция кызматында эмгектенген.

Ал белгисиз жагдайда көчөдө бычакталып каза болгон. Шаардык милициянын басма сөз кызматы окуя каерде болгону тергөө иштерине байланыштуу азырынча айтылбай турганын билдирди. Факт боюнча Кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалды.

Уларбек Майрамбеков 25-октябрь күнү үйлөнүү той өткөрүү максатында эмгек өргүүсүнө чыккан.

Маркум менен коштошуу зыйнаты 27-октябрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы өзү туулган Масы айылында болот.

XS
SM
MD
LG