Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:16

Египет: жихадчылар менен атышуудан 50дөн ашык полициячы мүрт кетти 


Египетте радикал исламчылар менен атышууда 50дөн ашуун полициячы мерт кетти. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Египеттин Ички иштер министрлиги полиция кызматкерлеринин өлүмүн ырастады, бирок алардын санын так айткан жок.

Өлкөнүн атайын кызматтарынын маалыматына караганда, атышуу Каирден 140 чакырым алыстыкта "Хазм" террордук кыймылынын өкүлдөрүнө каршы операция маалында болгон. Жихадчылар полициянын машинелерин гранатомет менен аткылап, жолго коюлган жардыргыч заттарды жардырганы айтылууда.

"Хазм" тобунун экстремисттери Египетте бир нече террордук актыларды ишке ашырган. Негизинен Египетте радикал уюмдар Синай жарым аралында топтолгон. Өкмөт бир нече жылдан бери аларга каршы күрөшүп келатат.

Өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топ жарым аралды алуу аракетин көрүп келет.

XS
SM
MD
LG