Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:57

Абанын булганышы жылына 9 млн кишинин өмүрүн алат


Бээжин, кытай
Бээжин, кытай

Абанын булганышы жылына кеминде 9 миллион кишинин өмүрүн алып кетет. Бул тууралуу британиялык "Лансет" медициналык журналы жазды. Жаңы изилдөө 2015-жылы ар бир алтынчы мезгилсиз өлүмгө аба, суу же жер кыртышына уулуу заттардын бөлүнүшү алып келгенин көргөзгөн.

СПИД, кургак учук, безгектен мындан үч эсе аз өмүр кыйылат. Ал эми согуш, ар кыл зордук-зомбулуктан мындан 15 эсе аз киши каза табат.

Аба, суу, жер кыртышынын булганышынан Индияда 2015-жылы 2,5 миллион киши каза болгон. Экинчи орунда Кытай турат. Изилдөөдө ошондой эле Пакистан, Бангладеш, Түндүк Корея, Түштүк Судан жана Гаитиге өзгөчө көңүл бурулат.

Мындан тышкары айлана-чөйрөнүн булганышы жылына 5,5 триллион доллар чыгым алып келет.

XS
SM
MD
LG