Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:53

Башкы штабдын подполковниги маңзат менен кармалганы кабарланууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстандын Башкы штабынын У.А. аттуу подполковниги кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан кармалды. Анын маңзат менен колго түшкөнү айтылууда. Бул маалыматты Башкы штабдын басма сөз катчысы Темир Токталиев “Азаттык” радиосуна ырастады.

- Андай маалымат бизде да бар. Азыр иликтөө иштери бүткөнгө чейин эч нерсе деп айта албайбыз.

Маалыматка караганда, подполковникти 15-октябрда “Ак жол” көзөмөл-өткөрмө бекетинен Казакстандын чек арачылары кармаган. Ал “Бузулбаган боордоштук-2017” аттуу ЖККУнун биргелешкен машыгуусуна катышып келаткан. Анын баш коргоо чарасын Казакстандын Кордай райондук соту карайт.

Кыргызстандын Башкы штабы бул боюнча өзүнчө кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG