Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:51

АКШ менен Түштүк Корея биргелешкен машыгуу баштады


Түштүк Кореянын аскерий кемелери. 5-сентябрь, 2017-жыл.
Түштүк Кореянын аскерий кемелери. 5-сентябрь, 2017-жыл.

Корей жарым аралынын жээктеринде өтүп жаткан машыгууга аскерий учактар, тик учактар, 40тай аскерий кеме, анын ичинде АКШнын учак кондуруп, учуруучу кемеси да тартылууда.

АКШнын жетинчи флотунун билдирүүсүнө караганда, беш күнгө созулуучу машыгуулар Корей жарым аралынын Батышындагы Жапон жана Сары деңиздерде өтөт.

Учурда АКШ жана анын өнөктөштөрү менен Түндүк Кореянын мамилеси чыңалып турат.

Пхеньян АКШны Түштүк Корея менен машыгууларды кол салууга даярдык көрүү үчүн өткөрүп жатат деп айыптап келет.

Вашингтон жана анын өнөктөштөрү болсо Түндүк Корея БУУнун резолюцияларын бузуп, баллистикалык ракеталарын жана өзөктүк куралын утур-утур сынап жатканына нааразы. (UE)

XS
SM
MD
LG