Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:31

Бюллетенди сүрөткө тартып жарыялаган журналист жазага тартылат


Добуш бергенден кийин шайлоо бюллетенин сүрөткө тартып, Фейсбук баракчасына жарыялап жиберген журналист Султан Абдракманов административдик жазага тартылат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

- Бюллетен боюнча маселени ар кандай тараптан караса болот. Кайсы максатта бул бюллетенди чыгарып жатат, ошону караш керек. Экинчиден, добуш берүүнүн купуялуулугун сактабоого кирет. Эгер бюллетенди кийинки шайлоочуга колдонууга алып чыгып жатса бул Кылмыш-жаза кодексинин “бурмалоо” беренеси менен каралат. Ал эми жогорудагы факт Административдик кодекстин 57-беренесине ылайык жазага тартылат.

Журналист Султан Абдракманов өзү добуш бергенден кийин бюллетенди сүрөткө тартып, Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган.

Мындан сырткары Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы №5009 добушканада талапкер Өмүрбек Бабановго добуш берген аялдын бюллетенин урнага салдырбай №9ду белгилеп коюшканын, андан соң аны бырыштырып алып чыгып кеткенин айткан видеотасма интернетке тараган. Шайлдабекова БШКнын координациялык тобу бул маселени карап жатканын кошумчалады. (КЕ/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG