Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

БШК: Одоно мыйзам бузуулар жок


Нуржан Шайлдабекова
Нуржан Шайлдабекова

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын журналисттерге билдиргени боюнча, саат 16:00гө карата 20 чакты арыз келип түштү. Алардын баары текшерилип жатат:

- БШКда түрдүү мыйзам бузууларга ыкчам чара көрүүчү топ түзүлгөн. Бул топ келип түшкөн даттануу-кайрылууларды текшерүүдө. Анын ичинде такталбаган, туура эмес маалыматтар да чыгып жатат. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясында бир жаран карыя адамдарга азык-түлүк сунуштап, добуштарын сатып алууга аракет кылган. Ал аныкталды. Ош шаарында №5310 шайлоо участогунда үгүт иштери жүрүп жатат деп коомдук уюмдун байкоочусу даттанган. Текшерүү жүргүзүлдү, процессуалдык жыйынтык чыгарылат.

Нуржан Шайлдабекова Кара-Кулжа районунда добуш берүү бюллетендерин сыртка алып чыгуу фактысы боюнча да маалымдап, ага күнөөлүү адамдар кармалганын маалымдады. Анын айтуусунда, бул боюнча кылмыш жоопкерчилиги каралат. БШКны төрайымы шайлоонун жыйынтыгына таасир эте ала турган одоно мыйзам бузуулар болбогонун бекемдеди.

Ал эми президенттик шайлоого байкоо жүргүзүп жаткан "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын маалыматы боюнча, 15-октябрдагы президенттик шайлоодо кеминде 1% участокордо олуттуу мыйзам бузуулар катталды. №1360 шайлоо участогунун мүчөсү шайлоочуларды кош тизмеге алганы аныкталганын, бул боюнча акт түзүлгөнүн маалымдады.

Бүгүн Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп жата. Ага 11 талапкер катышууда.

XS
SM
MD
LG