Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

Турсунбеков: Тынчтык жана туруктуулук тилеп добуш бердим


Чыныбай Турсунбеков №1209 шайлоо тилкесинде добуш берди
Чыныбай Турсунбеков №1209 шайлоо тилкесинде добуш берди

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бишкек шаарындагы №5 кесиптик лицейде жайгашкан №1209 шайлоо тилкесинде добуш берди. Андан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Турсунбеков Кыргызстандын акылман калкы алдыңкы алты жылдык келечегин өзү тандап, татыктуу талапкерди шайлап аларына ишенерин билдирди:

- Бүгүн мен өлкөгө тынчтык жана туруктуулук тилеп, башкысы Кыргызстан өнүккөн мамлекетке айланса деген үмүт менен шайлоодо добуш бердим.

Жогорку Кеңештин төрагасы Социал-демократтар партиясынын мүчөсү. Спикерликке чейин парламентте аталган фракцияны жетектеп турган.

Бүгүн Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. 11 талапкер ат салышууда. (ZKo)

Турсунбеков: Кыргызстан келечегин аныктоодо
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:31 0:00

XS
SM
MD
LG