Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:59

Кытайдын Түндүк Кореядан импорту кескин кыскарды


Ким Чен Ын (ортодо)
Ким Чен Ын (ортодо)

Кытайдын Түндүк Кореядан товар импорту быйылкы тогуз айда өткөн жылдагыга караганда 1,5 млрд долларга жакын кыскарды. Бул тууралуу Кытай бажы башкармалыгынын маалымат катчысы Хуан Сонпин билдирди.

- Августта Түндүк Кореяга экспорт 6,4 пайызга түштү. Сентябрда 6,7 пайызга кыскарды. Ал эми импорт жети айдан бери көтөрүлгөн жок. Сентябрда кескин - 37,9 пайызга кыскарып кетти, - деди Хуан Сонпин

Түндүк Кореядан көмүр, темир рудаларын жана кийимдерди сатып алуу солгундаган. Ал эми деңиз азыктарын алуу токтогон.

Түндүк Корея акыркы айларда өзөктүк куралдарын сыноону күчөттү. Буга байланыштуу БУУ Коопсуздук Кеңешинин кезектеги санкциясына Кытай да кол койгон. Пхеньяндын коңшусу жана негизги өнөктөшү болгон Бээжин буга чейин Ким Чен Ындын режимине карата катаал чараларды колдобой келген.

XS
SM
MD
LG