Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

Түндүк Корея АКШга катаал жооп кайтарыла турганын эскертти


Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ли Ён Хо.
Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ли Ён Хо.

Түндүк Корея АКШ президенти Дональд Трамптын сөзүнө катаал жооп кайтарыларын эскертти. Пхеньянда ТАСС агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушууда Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ли Ён Хо жапырт жок кылуучу курал өз өлкөсүн тышкы коркунучтан коргоочу каражат экенин, андыктан бийлик өзөктүк программа боюнча эч кандай сүйлөшүүлөргө макул болбой турганын билдирди.

11-октябрга караган түнү Корей жарым аралынан америкалык эки бомбалоочу учак учуп өтүп, андан кийин Түштүк Кореянын жээгине жакын жерде ракеталар сыналганын Сеул маалымдаган. Америка тарап жапониялык жана түштүк кореялык аскердик учактар менен түнкү машыгуулар болгонун айткан.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, бул машыгуулар АКШ президенти Дональд Трамп күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен Түндүк Кореядан туулган өзөктүк коркунучка жана агрессияга жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн талкуулаган учурга туш келди.

Эки өлкө ортосунда чыңалуу Түндүк Кореянын ядролук жана ракеталык сыноолору жана АКШнын дарегине карата айтылган кескин билдирүүлөрүнөн кийин күчөп кетти.

XS
SM
MD
LG