Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:21

Кыргызстан ММА боюнча дүйнө чемпионатында 5 медал алды


Кыргызстандыктар ММА боюнча 5-дүйнө чемпионатында
Кыргызстандыктар ММА боюнча 5-дүйнө чемпионатында

Астанада ММА (аралашма таймаш өнөрү) боюнча 5-дүйнө чемпионаты аяктады. Жалпы командалык эсепте кыргызстандык мушкерлер беш медал менен үчүнчү орунду камсыз кылды. Медалдардын бири күмүш, калганы коло байге экенин “Азаттыкка” Кыргызстандын ММА Федерациясы кабарлады.

Күмүш медалга Туратбек уулу Кубанычбек татыса, Азатбек Анарбай уулу, Төлөгөн Рахманберди уулу, Олжобай Кудайберди уулу жана Осмон Абдулазизов колого ээ болгон.

Жалпы жыйынтык боюнча Орусия биринчиликке чыкса, Казакстан экинчи орунду камсыз кылды. Таймашка 30 өлкөдөн 150дөн ашык мушкер катышты.

XS
SM
MD
LG