Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:15

Ниязов: Адмресурска караганда добуш сатып алуу кооптуураак болууда


Фарид Ниязов
Фарид Ниязов

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын башчысы, президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов азыркы шайлоодо административдик ресурс колдонууга караганда шайлоочулар көбүрөөк добуш сатып алуу аракетинен чочулап жатканын белгилөөдө.

Ниязов "Азаттык" радиосуна курган маегинде учурдагы президенттикке талапкерлердин ичинде мамлекеттик кызматта турган колдоочулары бар экенин бекемдеди:

- Бабановду эле алалы. Аны колдогон аткаминерлер азбы? Анын бийлиги бар, фракциясы бар. Премьер-министр болуп турган. Аткаминерлердин арасында анын да пайдасына иштөөчү адамдары бар. Эгер кайсы бир аткаминер административдик ресурс колдонгусу келсе, бул президенттикке талапкерге эч кандай пайда алып келбейт.

Фарид Ниязов 2009-жылкы президенттик шайлоо учурундагыга салыштырганда азыр административдик басым жок деп эсептейт.

Ал буга мисал катары учурда коомдук телеканалдар, мамлекеттик басылмалар аркылуу үгүт жүргүзүүгө бардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк берилгенин, оппозициялык талапкерлердин штабдарын, тарапкерлерин куугунтуктоо жоктугун келтирди.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда болот. Үгүт иштери 10-сентябрда башталган. Прокуратура бул убактан бери бир нече добуш сатып алуу, талапкерлердин үгүт жарнактарын жок кылуу, жер-жерлерде административдик ресурс колдонуу аракеттери боюнча иштерди карап, айрымдарын сотко жиберген.

Президент Алмазбек Атамбаев жакында Токмокто эл менен жолукканда “шайлоону таза жана ачык өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн, өкмөт менен БШК административдик ресурсту колдонууга жана добуш сатып алууларга жол бербей турганын” белгилеген.

Экс-президент Роза Отунбаева жана бир катар белгилүү саясий ишмерлер баштаган “Акыйкат шайлоо үчүн” кыймылы жакында бийликке кайрылып, шайлоону таза өткөрүүгө чакырган жана үгүт өнөктүгү маалында администрациялык ресурс колдонулуп жатканын белгилеген. (EBM/ZKo)

XS
SM
MD
LG