Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:08

Канатбек Исаев менен кошо дагы эки адам камалды


Канатбек Исаев
Канатбек Исаев

ЖК депутаты Канатбек Исаев менен кошо кармалган салык кызматкери Рамис Жунусалиев менен Сокулук районундагы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Деңиз Раимкулов соттун чечими менен эки айлык мөөнөткө камалды.

2-октябрь күнү Биринчи Май райондук соту Рамис Жунусалиевди УКМКнын тергөө абагына, ал эми Деңиз Раимкуловду Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо чечимин кабыл алган.

Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту Канатбек Исаевди да тергөө убактысы бүткөнчө камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Депутат 30-сентябрда Башкы прокуратура "массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" деген айып боюнча козгогон кылмыш иштин алкагында кармалган.

Исаевдин тарапкерлери ал күнөөсүз экенин айтып жатышат.

Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Раимкулов президенттикке талапкер Темир Сариевдин Сокулуктагы штабынын активисти болгон. 30-сентябрда интернетте тараган видеотасмалардын биринде ал Исаев менен чогуу болгону айтылган.

Сариевдин штабы Раимкулов менен Исаевдин жолугушуусу болгонун ырастап, бирок бул тууралуу кабарсыз экенин билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG