Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Бээжинде “Манас” эпосунун кытай тилиндеги операсы коюлду


"Манас" эпосу боюнча операдан бир көрүнүш. 30-сентябрь, 2017-жыл. Бээжин.
"Манас" эпосу боюнча операдан бир көрүнүш. 30-сентябрь, 2017-жыл. Бээжин.

Бээжин шаарындагы «Тянь чяо» чоң театрында 30-сентябрда "Манас" эпосу боюнча кытай тилиндеги операнын ачылышы болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, опера Кытайдын Маданият министрлигинин жана Кытайдын улуттук опера институтунун көмөгү менен Жусуп Мамайдын вариантынын негизинде коюлган. Анын мазмунун Кытайдагы белгилүү Ван Сяолин жазган. Опера эки жыл бою даярдалган, ага Кытайдын мамлекеттик театрларынын 100дөн ашуун артисттери катышты. Ачылышты көрүүгө 1500дөн ашык киши келди, алардын арасында Кыргызстандын Кытайдагы элчиси, Кызыл-Суу Кыргыз автоном районунун бийлик өкүлдөрү, кытайлык кыргыздар, Кытайдын улуттук опера институтунун жетекчилери жана башкалар бар.

Операда "Манас" жана "Семетей" эпосторунун негизги эки бөлүгү камтылган. Манастын турмушу, жеңиштери, эрдиктери, анын баласы Семетейдин атасынын жолун жолдоп, баатыр болгону, ага кошумча кыргыздардын жашоосу, улуттук өзгөчөлүктөрү чагылдырылган. Аягында Манастын руху бардык кыргыздарды бириктирип, ар убакта баалуу мурас экени көрсөтүлгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG