Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:57

Хирург Мамакеевдин токсон жылдыгы белгиленүүдө


Мамбет Мамакеев
Мамбет Мамакеев

Бишкекте 27-сентябрдан бери белгилүү хирург, Кыргыз Эл Баатыры Мамбет Мамакеевдин токсон жылдыгына байланыштуу иш-чаралар өтүүдө. Улуттук хирургия борборунда анын айкели ачылып, музейиндеги экспонаттар толукталды. Эл аралык жана жергиликтүү хирургдардын илимий конференциясы уюштурулду. Мааракенин соңку аземи 1-октябрда, Мамакеевдин туулган күнүнө карата Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда өтүп жатат. Ага коомдук ишмерлер, чет элден келген илимпоздор саламаттыкты сактоо өкүлдөрү катышып жатканын Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын проректору Нурлан Бримкулов “Азаттыкка” билдирди.

Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында төрөлгөн. Ал Швейцариядагы эл аралык хирургдар биримдигинин мүчөсү, Дүйнөлүк хирургдар ассоциациясынын ардактуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын 2004-жылы алган. (BCh)

Өмүрүн хирургияга арнаган Мамакеев (1.10.2016)

Өмүрүн хирургияга арнаган Мамакеев
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:34 0:00

XS
SM
MD
LG