Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Исаков: "Русгидрого" 37 миллион долларды инвестор тапканда төлөйбүз


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Орусиялык «Русгидро» ишканасынын Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушуна короткон каражаты боюнча эки тараптуу комиссия түзүлүп, аудит жүргүзүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков Орусияга болгон расмий сапарында, Москвада кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушкан учурда маалымдады:

- ГЭСтерге байланыштуу маселе боюнча мен Дмитрий Анатольевичтен сурандым. Биз ал акчаны кайтарып беребиз, эч жакка качкан жокпуз, биз инвесторду табалы, анан акчаңарды төгүп, силердеги 50 пайызды кайтарып алабыз деген сөз болду. Инвесторду тапканда келишим боюнча 37 миллион долларды төлөп, 50 пайызын кайтарып алышыбыз керек. Орусия тарап бизди колдоп жатат. Ошол акчаны берерден мурун Орусиядан ГЭСтердин курулушуна коротулган акчалар боюнча аудит өткөрүлөт.

Сентябрдын башында "Русгидро" ишканасы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушуна байланыштуу кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берерин компания башчысы Николай Шульгинов билдирген. Шульгинов курулушка сарпталды делген 37 миллион долларды өндүрүп алуу үчүн эл аралык арбитраж боюнча консультант издей баштаганын айткан.

Кыргыз өкмөтү быйыл 11-июлда чехиялык "Лигласс Трейдинг" компаниясы менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу келишим түзүп, аталган ишкана бул долбоорлорду ишке ашырып, макулдашуу боюнча 30 банктык күндүн ичинде Нарын ГЭСтер каскадындагы алгачкы курулуш иштерин жүргүзгөн орусиялык "РусГидро" компаниясына 37 миллион долларды төлөө милдеттенмесин аткарат деп ишенип аткан. Бирок чех компаниясы аны аткара албай, жеңилдик сураган. Өкмөт чех өнөктөштөрүнүн мындай суранычын аткарбай келишимди бир тараптуу жокко чыгарган, Жогорку Нарын каскадын жана чакан ГЭСтерди курууга кытайлык жана индиялык инвесторлор кызыкдар экенин билдирген.

Сапар Исаков Орусияга расмий сапар менен 29-сентябрда барган. Анын жүрүшүндө Орусиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин, премьер-министр Дмитрий Медведев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык, ЕАЭБ алкагындагы долбоорлор, Орусиядагы кыргыз жарандарынын абалын талкуулады. Орусиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен 30-сентябрда кезикти. (LzT/NT)

XS
SM
MD
LG