Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:30

Москвада кыргыз-орус кызматташтыгы талкууланууда


Премьер-министр Сапар Исаков Орусияга расмий сапар менен барды.

Алгач ал Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык, ЕАЭБ алкагындагы долбоорлор, Орусиядагы кыргыз жарандарынын абалы тууралуу маселелерди талкуулады.

Сапар Исаков Орус-кыргыз фонду аркылуу келген каржы Кыргызстандагы ишканаларга жакшы жардам болуп жатканын айтты.

Өкмөт башчы Москвада “Сколково” инновациялык борборунун иши, «Коопсуз шаар» мамлекеттик программасы менен таанышып, ВДНХ аймагында жайгашкан “Кыргызстан” павильонун көрөт жана Muras Clinic медициналык борборунун ачылышына катышат.

Расмий делегациянын курамында вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев, экономика министри Артем Новиков, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абасканов, Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев бар. (RK)

XS
SM
MD
LG