Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:20

АКШнын башкы дипломаты Кытайга барат


Рекс Тиллерсон
Рекс Тиллерсон

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон 29-сентябрда Бээжинге келип, Кытай лидерлери менен Түндүк Кореянын ядролук коркунучун, АКШ менен Кытайдын соода алакасын жана президент Дональд Трамптын алдыдагы Кытай сапарын талкуулайт.

Мамлекеттик департамент басма сөз кызматы кабарлагандай, Тиллерсон 30-сентябрда Кытайдын тышкы иштер министри Ван И баштаган расмий өкүлдөр менен жолугат. Анда Түндүк Кореянын ядролук жана ракеталык сыноолоруна Кытай кандай чара көрөрү талкууланат деп күтүлүүдө.

28-сентябрда расмий Бээжин Кытайдагы түндүк кореялык ишканалар январь айында жабылат деп кабарлаган.

Бээжинден Түндүк Кореяга катуураак чара көрүүнү талап кылган президент Дональд Трамп биринчи жолу ноябрь айында Кытайга барганы жатат. АКШнын башкы дипломаты Кытайга биринчи жолу февраль айында барган.

XS
SM
MD
LG