Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:27

БШКда коомдук байкоочу кеңеш түзүлүүдө


Бобордук шайлоо комиссиясында коомдук байкоочу кеңеш түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте “Акыйкат шайлоо үчүн” жарандык кыймылы уюштурган талкууда сүйлөп жатып Боршайкомдун мүчөсү Абдыжапар Бегматов билдирди. Анын айтымында, кеңештин курамына 10-15 адам кирет:

- Талапкерлердин, коомчулуктун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен коомдук байкоочу кеңеш түзүп, аларга биздин система, сервердин иши менен тиешелүү деңгээлде таанышууга шарт түзөлү деп жатабыз.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. 13 талапкер ат салышууда.

Коомчулукта бийлик административдик ресурсту колдонуп, добуш берүүнүн жыйынтыктарын өз пайдасына бурмалоого барышы ыктымал деген кооптонуулар айтылууда.

Президент Алмазбек Атамбаев кечээ административдик колдонулбайт деп билдирди.

Соңку эки жылдан бери Кыргызстанда шайлоолор биометрикалык каттоонун негизинде жүрүүдө.

Алгач "Таза шайлоосуз таза коом жок" деп аталыш менен жакында түзүлгөн кыймыл кийин “Акыйкат шайлоо үчүн” деп өзгөртүлгөн.

Аны түзүү тууралуу меморандумга экс-президент Роза Отунбаева, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Абдыганы Эркебаев, Зайнидин Курманов, мурдагы премьер-министрлер Апас Жумагулов, Феликс Кулов, экс-депутат Равшан Жээнбеков баштаган саясатчылар, коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер кол коюшкан.(KJ)

XS
SM
MD
LG