Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:55

Ирак премьери күрт референдуму жокко чыгарылуусун талап кылды


Ирактык күрттөр референдумду майрамдаган учур. 25-сентябрь, 2017-жыл.
Ирактык күрттөр референдумду майрамдаган учур. 25-сентябрь, 2017-жыл.

Хайдар ал-Абади бүгүн парламентте “референдум жараксыз деп табылуу менен Конституция алкагында сүйлөшүү башталышы керек. Биз референдумдун жыйынтыгын эч убакта сүйлөшпөйбүз ”,- деп билдирди.

Бул аралыкта бүгүн Ирактын күрт автоном аймагынын бийликтери 25-сентябрдагы референдумдун жыйынтыгын жарыялашты. Расмий маалыматка караганда, добуш берүүгө ага укуктуу калктын 72%дан ашууну катышып, 92,7%ы автоном аймактын көз карандысыздыгын колдошту.

Рейтер агенттигинин маалыматына караганда, Ирактын парламенти 27-сентябрда кабыл алган резолюцияда өкмөт Киркук аймагына аскер жөнөтүп, ал жердеги мунай кендерди борбордук өкмөттүн көзөмөлүнө алуусу керектиги да айтылат.

Көп улуттуу Киркук аймагы Ирак армиясы “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринен качып кеткенден бери Күрт автоном бийлигинин Пешмерга күчтөрүнүн көзөмөлүндө турат.

Киркукка күрт күчтөрүнүн кириши “Ислам мамлекети” тобунун мунай кендерди ээлеп алышына жол берген эмес.

Ирактын Күрт автоном аймагынын көз карандысыздык боюнча референдумуна Түркия менен Иран да каршы чыккан.

Иран буга жооп чара катары Күрт автоном аймагынын борбору Эрбилге учак каттамдарын токтоткон.

Учак каттамдарын токтоторун бүгүн Ливан менен Египеттиин улуттук авиакомпаниялары да жарыялашты.

Ирак өкмөтү референдумга байланыштуу Күрт автоном аймагынан эл аралык аэропортторго жана чек ара өткөөлдөргө көзөмөлдү өткөрүп берүүнү да талап кылууда. (UE)

XS
SM
MD
LG