Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:20

Майлуу-Сууда аялды уурдап кетип зордук көрсөткөн топ соттолду


Майлуу-Сууда аялды уурдап кетип, зордук-зомбулук көрсөткөн деген топко карата сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Кылмышка тиешеси бар деп шектүү катары кармалган үч адамдын үстүнөн Майлуу-Суу шаардык соту өкүм чыгарды.

Эки адам Кылмыш кодексинин "алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан мыйзамсыз түрдө эркинен ажыратуу" беренеси боюнча күнөлүү деп табылып, беш жана он жылга, дагы бири "бейбаштык" беренеси боюнча үч жылга эркинен ажыратылды.

Ал эми "бир нече кылмыш үчүн жазалоо" беренеси менен үч адам тең сегиз жылдан 13 жылга чейир күчөтүлгөн тартиптеги абак жайына кесилди.

Ушул жылдын май айында 41 жаштагы аялды үч адам көчөдөн кармап, коркутуу жолу менен кармап кетип, батирде үч күн кармап, чачын кырып, зордуктап жүрүшкөнү аныкталган. Акыркы күнү ал аял эшикти бузуп, сыртка качып чыккан. (RsK)

XS
SM
MD
LG