Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

Элмира Ибраимова Сариевдин штабынан кетти


Элмира Ибраимова.
Элмира Ибраимова.

Эсеп палатасынын мурдагы төрайымы Элмира Ибраимова президенттикке талапкер Темир Сариевдин штаб башчысы кызматынан кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ибраимова өз билдирүүсүндө Сариев менен саясий позициясы дал келбей калгандыктан аны менен иштешүүдөн баш тартканын жазган.

Ибраимова мындан тышкары Сариевдин штабынан Аликбек Жекшенкулов, Бейшен Болотбеков, Болот Алымкулов, Шамшыбек Медетбеков, Рысбек Мирзаматов өңдүү саясатчылар да кеткенин кошумчалаган.

Темир Сариев болсо Ибраимованын чечимине Фейсбук аркылуу түшүндүрмө берип, ал шайлоо алдындагы саясий кырдаалды башкача кабыл алганына байланыштуу кеткенин жазды. Ошондой эле Ибраимованын ордуна Алтынбек Эргешов штаб башчысы болуп дайындалганын билдирди.(UEz)

XS
SM
MD
LG