Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Чубак ажынын үгүтү үчүн Камчыбек Ташиевге эскертүү берилди


Чубак ажы Жалилов.
Чубак ажы Жалилов.

24-сентябрдагы жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясы диний аалым, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун талапкер Сооронбай Жээнбековдун пайдасына үгүт жүргүзгөнү боюнча арызды карады. Жыйында Чубак ажы Сооронбай Жээнбековдун Жалал-Абадда шайлоочулар менен жолугушуусуна конок катары барганы, аны иш-чаранын уюштуруучусу, президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев чакырганы айтылды.

Буга байланыштуу жумушчу топ Аалымдар кеңешинин мүчөсү болуп туруп, президенттикке талапкердин пайдасына үгүт жүргүзгөнү үчүн Чубак ажыны эки миң сом айыппулга жыгууну да сунуштады.

Ошол эле кезде талапкер Сооронбай Жээнбековго эскертүү берүүнү сунуштагандар да болду.

Талаш-тартыштардан соң жыйынтыгында Чубак ажынын үгүтү үчүн Камчыбек Ташиевге эскертүү берилди. Ошондой эле БШК өзүнүн токтому менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга бардык диний конфессиялардан үгүт иштерине катышпоосун талап кылган кайрылуу жибермей болду.

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун Жалал-Абаддагы эл менен жолугушуусунда Чубак ажы Жалиловдун сүйлөгөн сөзү тартылган видео 20-сентябрда интернетте тараган. Тасмада Жалилов "Жээнбековду колдойбуз деп келип отурабыз" деп айткан.

Бул боюнча жарандык активисттер диний ишмер шайлоо мыйзамын бузуп жатат деп БШКга кайрылышкан.

Жалал-Абаддагы жыйында Камчыбек Ташиев бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбековду колдоорун билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG