Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:57

Бабановдун өкүлү КТРКнын үстүнөн сотко кайрылат


Бул тууралуу президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Борбордук шайлоо комиссиясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрик Ирискулбеков билдирди. Анын маалыматына караганда, сотко берүү үчүн документтер даярдалууда. Ушул тапта БШКнын чечимин күтүп жатканын кошумчалады Ирискулбеков.

Борбордук шайлоо комиссиясынын үгүт өнөктүгүн жүргүзүү боюнча жумушчу тобу бүгүн КТРКнын үстүнөн жазылган арызды карап, даттанган тараптын сөзүн укту. Коомдук каналдын өкүлдөрү жыйынга келген жок.

Буга чейин Эрик Ирискулбеков КТРКнын "Ала-Тоо 24" каналында 20-сентябрында ободон кеткен макалада айтылгандарды "чындыкка дал келбейт" деп табуу талабы менен БШКга арыз жазган. Анда Коомдук канал шайлоо мыйзамдарын бузганы белгиленип, анын аккредитациясын чакыртып алууну, Башкы прокуратурадан каналдын журналисттеринин жана башка адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүү талабы айтылган.

20-сентябрда КТРКда “Адамдын амалы чексиз” деп аталган макала кыргыз-орус тилдеринде чыккан. Анда президенттикке талапкер Бабановдун Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу жана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин нотасы тууралуу сөз болгон. Бабанов тарап муну "каралоо аракети" деп баалап жатышат.

Коомдук телерадиокорпарациянын башкы директору Илим Карыпбеков КТРК мыйзамдын чегинде иштөөгө аракет кылып жатканын маалымдады. (NT)

XS
SM
MD
LG