Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:06

Зилалиев: Байсаловду уксак бизди сотко беришмек


Дүйшөнбек Зилалиев
Дүйшөнбек Зилалиев

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев коомдук ишмер Эдил Байсаловдун Liglass Trading компаниясы боюнча айткандарына жооп берди.

«Байсалов чех компаниясын кубалап жибергенин айтып канча кааласа мактана берсин. Биз укуктук чекте иштеп жатабыз. Келишим боюнча биз акыркы мөөнөттү күтүүгө милдеттүү болчубуз. Эгер биз аны угуп, келишимди мурда үзүп салсак сотко беришмек. Биз буга жол бербей, кепилдик салымын Кырызстанда калтырдык», - деп билдирди вице-премьер.

Байсалов кыргыз өкмөтүн чехиялык LiglassTrading компаниясы менен кабыл алган келишим үчүн кескин сындап, аны токтотууга чакырып, Кыргызстанды чоң алдамчылардан сактап калганын айткан.

Кыргызстан «LiglassTradingCZ, SRO» компаниясы менен келишимге быйыл июль айында кол койгон. Алар Жогорку Нарын ГЭС каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти кура турган болгон.

Бирок компаниянын каржылык абалы өтө оор экени алгач Чехиянын өзүндө, кийин Кыргызстанда байма-бай айтылган.

19-сентябрга чейин чех тарап орусиялык “РусГидронун” эсебине 37 млн доллар бермек, бирок 18-сентябрда алар Бишкекте маалымат жыйын куруп, иш жүрүп жатканын, бирок банктагы эсептери токтогонун, буга аларды сындаган кыргызстандык саясатчылар Эдил Байсалов, Феликс Кулов жана Темир Сариев күнөөлүү экенин айтып чыгышкан.

"Байсаловду сотко берерибиз анык, Кулов, Сариев боюнча юристтер менен кеңешебиз" деди компаниянын ээси Михаэл Смелик.

Премьер-министр Сапар Исаков 25-августта парламентте сүйлөп жатып "эгерде чехиялык компания менен келишим ишке ашпай калса, Кыргызстан зыян тартпайт, бирок андан чыгат" деп айткан.

Эдил Байсалов 18-августта "Азаттыкка": "Булардын чөнтөгүндө бир да тыйыны жок экенин башынан эле айтып келатабыз. Биздин шалаакы өкмөтүбүздү пайдаланып, контрактка кол койдуруп алып, Кыргызстандын атын сатып, 100 миллион долларлык киреше табам дегендер себеп таппай калганына күнөөкөр кылып мени дайындаса, анда буга сыймыктанам. Анткени мен өзүмдүн мекенимди чоң аферадан сактап калдым деп эсептейм" деп билдирген.

2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон эле. Ага ылайык, Орусиянын "Русгидро" компаниясы аталган эки энергетикалык объектти курмак. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан, 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган. Орусия кыргыз тарап 37 млн доллар бересе экенин айтып келатат. Чехиялыктар ошол акчаны төлөөнү убада кылган.(RK)

XS
SM
MD
LG