Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Алгачкы кыргызстандык аял ВИЧ-статусун ачык жарыялады


Бактыгүл Шүкүрова
Бактыгүл Шүкүрова

Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган аял алгач ирет бул статусун коомчулукка ачык жарыялады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бүгүн Бишкекте ВИЧ жана кургак учук боюнча улуттук конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Бактыгүл Шүкүрова бул инфекцияны жети жыл мурда жуктуруп алганын, алты жылдан бери дары ичерин айтып берди.

Ал эл аралык уюмдардын каржылык жардамы менен бөлүнүүчү дары-дармек толук жашоого мүмкүнчүлүк берип жатканын айтып, эгерде ал токтосо эмне болот деген кооптонуусун билдирди жана ВИЧ жуктурган жарандарды басмырлоо уланып жатканын кошумчалады.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандын СПИД борборунда каттоодо 7264 адам турат, алардын 600 жакыны балдар.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана башка эл аралык донорлор 2018-жылдан тарта ВИЧти алдын алуу боюнча Кыргызстанды каржылоо токтотуларын эскерткен. Бирок сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жардамды 2020-жылга чейин улантууга макул болушканын СПИД борборунан билдиришти. Алдын алуу жана дарылоого жылына 3,7 миллион доллардан берилмекчи. Мындан он жылдай мурун жылына 9 миллион долларга чейин бөлүнгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG