Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:04

Кубанычбек Кулматов Улуттук банктын төрагасы болуп шайланды


Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.

Улуттук банктын төрагалыгына сунушталган Кубанычбек Кулматовдун талапкерлигин 70 депутат колдоп, 6 депутат каршы чыкты. Добуш берүүнүн алдында жалпысынан 90 депутат каттоодон өткөн.

Кубанычбек Кулматов депутаттарга ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, болгон күчүн жана тажрыйбасын жумшап, жакшы иштеп берүүнү убада кылды.

Кулматов 2010-2013-жылдары Бажы кызматын жетектеген, 2014-2016-жылдары Чүй облусун, Бишкек шаарын башкарган. Буга чейин Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы болчу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG