Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Кулматов: Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду кайрымдуулук фонд эмес


Kyrgyzstan. elections. Mayor. January 15, 2014
Kyrgyzstan. elections. Mayor. January 15, 2014

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду каржылык ишкана, ал бизнес долбоорлорду ишке ашыруу үчүн акча берет жана берилген акчаларды кайра кайтарууну максат кылат. Бул тууралуу аталган фонддун азыркы жетекчиси, Улуттук банктын төрагалыгына сунушталып жаткан Кубанычбек Кулматов парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев фонд баштапкы максатынан тайып, ишкерлерди эмес, банктарды каржылоочу ишканага айланды деп сынга алды. Ал эми депутат Улукбек Ормонов эки жылда жаңы бир да завод же фабрика курулбаганын, ал үчүн акча бөлүнбөгөнүн белгиледи. "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Нурланбек Макеев Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан акча алуунун талаптары банктан акча алуудан да оор болуп жатканын айтты.

Жогорку Кеңеш бүгүнкү отурумунда Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Кулматовду бекитүү маселесин карап жатат.

Кулматов 2010-2013-жылдары Бажы кызматын жетектеген, 2014-2016-жылдары Чүй облусун, Бишкек шаарын башкарган. Азыр ал Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG