Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызгидрометтин маалыматына таянуу менен жакынкы эки сааттын аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында катуу шамал болоорун эскертүүдө.
Алдын ала божомолдор боюнча, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетмекчи. Мындан улам ӨКМ жарандарды сак болууга, автоунааларды бак-дарактардын түбүнө токтотпоого чакырат. (SDz)