Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Шайлоо-2017: БШК эки талапкер чогулткан колду жараксыз деп тапты


Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында президенттикке талапкер катары катталуу үчүн арыз берген Темирбек Асанбеков жана Казыбек Шайымбетов чогулткан колдорду жараксыз деп тапты. Бул тууралуу БШКдан “Азаттыкка” кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Мекеним ынтымагы” партиясынын лидери Темирбек Асанбеков БШКга 32 миңден ашуун жарандын колун тапшырган. Текшерүүнүн жыйынтыгында 10991 кол жарактуу, ал эми 22560 кол жараксыз деп табылды. “Легендарлуу парламенттин” экс-депутаты Казыбек Шайымбетов тапшырган 38660 жарандын колу толугу менен жараксыз болуп чыкты.

БШКнын бүгүнкү жыйынында Камчыбек Ташиев тапшырган 44223 жарандын кол тамгасынын 31258и жарактуу, Талаатбек Масадыков тапшырган 55440 жарандык кол тамгасынын 51175и жарактуу, ал эми Улукбек Кочкоров тапшырган 51391 жарандын кол тамгасынын, 31 216сы гана жарактуу деп табылды.

Жалпысынан расмий талапкер болуп катталгандардын саны бүгүнкү күндө жети киши.

Буга чейин Бакыт Төрөбаев, Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров жана Эрнис Зарлыковго талапкер деген күбөлүк берилген.

Мыйзам боюнча талапкер катары катталуу үчүн 30 миңден ашуун адамдын колун топтоп, мамлекеттик тилден тест тапшырып, 1 миллион сомдук шайлоо күрөөсүн төлөө керек.(BkA)

XS
SM
MD
LG