Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:16

Кытай менен Тажикстан чалгындоо маалыматын алмашып турат


Си Цзинпин жана Эмомали Рахмон
Си Цзинпин жана Эмомали Рахмон

Кытай менен Тажикстан мындан ары коопсуздук чалгындоо маалыматы менен бөлүшүп турушат. Макулдашууга тажик президенти Эмомали Рахмондун Бээжинге мамлекеттик визити учурунда жетишилди. Кытай Тышкы мекемесинин бүгүнкү билдирүүсүндө президент Си Цзинпин жана Рахмон эки коңшу өлкө ортосунда "стратегиялык өнөктөштүк орнотууну" талкуулашты деп айтылат.

31-августтагы жолугушууда президенттер терроризм, сепаратизм, диний экстремизм коркунучуна, маңзат аткезчиликке каршы күрөштө чалгындоо кызматтарынын маалыматы менен бөлүшүп туруу тууралуу сүйлөштү.

Кытай Борбор Азия жумурияттары менен кызматташтыкты тереңдетүүгө аракет көрүп, байыркы Жибек Жолун жандантууга аракеттенүүдө. Былтыр Кытай Тажикстанда чек ара өткөөлдөрүн курууга жардам берээрин билдирген. Рахмон Кытайда 5-сентябрга чейин болмокчу.

XS
SM
MD
LG