Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

Орзубек Назаровдун ооруканада оор абалда жаткан кызы эсине келди


Спортчу Орзубек Назаровдун жол кырсыгына кабылып, ооруканага түшкөн кызы эсине келди. Бул тууралуу Назаров бүгүн өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

"Биз жылмая баштадык. Кызыбыз комадан чыкты. Колдооңуздар үчүн рахмат. Эми калыбына келтирүү боюнча узак жол турат" деп жазды ал.

Окуя 19-августка караган түнү Бишкекте болгон. Мушкердин 17 жаштагы кызы Аделина мотоциклде айдоочунун артында учкашып бараткан. Катуу ылдамдыкта бараткан мотоцикл алдынан чыккан жеңил машинени капталынан сүзгөн. Мотоциклдин айдоочусу ошол жерден жан берип, анын соккусуна кабылган автомашинанын 23 жаштагы жүргүнчүсү ооруканадан көз жумган. Кыз оор абалда ооруканага түшкөн жана эсине келе албай жаткан.

Назаров жеңил салмактагы боксчулар арасында дүйнөнүн жети жолку чемпиону. (RK)

XS
SM
MD
LG