Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:23

Атамбаев: ишенген досум президент болуп калабы деп турам


Президенттин Өзгөн районунда көчкүдөн жабыркагандар менен жолугушуусу. 28-август, 2017-жыл.
Президенттин Өзгөн районунда көчкүдөн жабыркагандар менен жолугушуусу. 28-август, 2017-жыл.

Президент Алмазбек Атамбаев алдыдагы шайлоодо өзү ишенген досу президент болуп каларына үмүт артып турарын билдирди. Бул тууралуу 28-августта Өзгөн районунда жер көчкүдөн жабыркаган эл менен жолугушкан учурда айтты:

- 1-декабрга чейин менин мөөнөтүм бар. Көрүп турасыңар, мен кызматтан кеткенден кийин ишенген бир досум президент болуп калабы деп ойлоп турам.

Бирок Алмазбек Атамбаев эч кимдин аты-жөнүн атаган жок. Буга чейин сүйлөгөн сөздөрүндө КСДП президенттикке сунуштаган Сооронбай Жээнбековду колдорун ачык айткан.

Атамбаев жаңы өкмөт башчы болуп дайындалган Сапар Исаков жөнүндө да айтып, "өзү тарбиялаган жигит экенин, баштаган ишин улантып кетерине ишенерин" белгиледи.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Азырынча расмий талапкер катары Сооронбай Жээнбеков, Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев жана Өмүрбек Бабанов катталган.

Алмазбек Атамбаев бүгүн Ош облусунда жумушчу сапар менен жүрөт. (SE)

XS
SM
MD
LG