Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:48

Жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн жаңы кызмат түзүү сунушталууда


Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөөгө жаңы кызмат түзүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманаалы Саркулов “Азаттык” радиосуна маалымдады.

Анын айтымында, Ички иштер министрлиги Патрулдук милиция башкармалыгын реформалоо алкагында жол кыймылын көзөмөлдөө боюнча өзүнчө кызмат түзүүнү демилгелөөдө.

Автоинспекторлордун иш тартибин өзгөрткөн жаңы жобо иштелип чыкты. Учурда бул сунуш өкмөттө каралып жатат.

Сунуш ишке ашса автоинспекторлордун дагы айрым укуктары кеңейтилет.

Жол кыймылынын эрежесине ылайык, учурда автоинспектор машинаны стационардык посттордо, атайын рейд же айдоочу мыйзам бузган учурда гана токтотуп, документин текшере алат.

Өлкө боюнча сегиз гана стационардык пост бар.

Саркуловдун айтымында, акыркы мезгилде мас абалында жана айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа башкарып жүргөн айдоочулар көбөйүп, жол кырсыктарына себеп болууда.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан тарта 3 миңге жакын жол кырсыгы катталды. Андан үч жүздөн ашуун киши набыт болуп, төрт миңдей адам жабыркаган. Кайгуул кызматкерлери мунун көбү мас абалында унаа айдагандан болгонун айтышкан.(TSh)

XS
SM
MD
LG