Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:16

Ошто ВИЧ жуккан балдарды мектепке даярдоо акциясы жүрүүдө


Ош шаарында ВИЧ инфекциялуу балдарды мектепке даярдоо максатында "Мектепке биз менен чогуу" деп аталган акция жүрүп жатат. Иш-чараны Улуттук кызыл чырым коомунун Ош шаарындагы кеңсеси уюштурууда.

Маалыматка караганда, учурда аймактагы ВИЧ менен жабыркаган 10 баланы мектепке кийим-кече, окуу куралдары менен жабдуу муктаждыгы бар. Уюмдун Оштогу өкүлчүлүгү коомчулукка кайрылып, бул балдарды мектепке даярдоого көмөктөшүүгө жардам суроодо. Өкүлчүлүктүн кызматкери Галина Глебованын "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, акцияга ВИЧ илдеттүү балдардын муктаждары гана тартылды:

- Мындай оорулуу балдардын саны көп эле. Биз алардын ичинен ата-энелери колунда жок, муктаж 10 баланы алдык. Балдар 8ден12 жашка чейин. Тогуз эркек бала, бир кыз. Балдар мектеп формасына, спорттук, бут кийимдерге, портфель баштаган окуу куралдарына муктаж. Кышкы жылуу кийим жагынан жардам берем дегендер болсо да жакшы.

Кыргызстанда түрдүү жолдор менен ВИЧ жугуп калган 597 бала бар. Алардын 372си ооруканада дарыгерлердин шалаакылыгы менен ийне аркылуу жуктуруп алгандар.

Быйыл июль айына карата өлкө аймагында ВИЧ илдети менен катталгандардын расмий саны 7,5 миң адамга жетти, бирок бейрасмий маалымат боюнча 8,5 миңден ашат. Анын 7103ү кыргыз жараны. Оорулуулардын дээрлик жарымын аялдар түзөт.

Ушул күнгө чейин ВИЧ жуккандар арасынан 1640 киши каза тапкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG