Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:48

Кыргызстанды өзбекче даңктаган Мукарам


Мугалим жана музыкант Мукарам Мадаминованын "Кыргызстаным" аттуу өзбекче ыры алкоого алына баштады.

Ошто мугалим болуп иштеген музыкант Мукарам Мадаминова "Кыргызстаным" деп аталган өзбекче ырдап чыгып, кеңири коомчулукка таанылды. Анын ырына тартылган клип Коомдук телеканалдан да көрсөтүлүп жатат. Өкмөттүк кечелерге да чакыруу алып, майрамдык салтанаттарда ыры жаңырууда.

- Бул ырды уккандар идеологиялык чыгарма болгонун, ал тургай саясий мааниси да терең ыр болгонун айтып жатышат. Клип интернетке чыккандан кийин миңдеген адам көрүп, мен тааныбаган адамдар ыраазычылык билдиришти. Мен да аларга рахмат айтам. Арасында "эмне үчүн Кыргызстан жөнүндө кыргызча эмес, өзбекче ырдап чыктыңыз?" деп сын айткандар да бар. Бирок айырмасы канча? Мекенибизди керек болсо, кытай, орус, түрк жана башка тилдерде даңазалап ырдайлы. Негизги максат - Кыргызстанды мактоо болсун.

"Кыргызстаным" аттуу өзбекче ыр клиби менен интернетке 9-августта жүктөлдү. Көпчүлүк аны социалдык желелерде бөлүшүп, дароо эле миңдеген киши көрдү. Ырдын сөзүн акын Рахим Карим жазган. Музыкасы Мукарам Мадаминовага таандык.

Музыкантка өзү жараткан ар бир обон, ар бир ыр өз баласындай кадырлуу. Ошондуктан ыр жоголуп кетпесин деген максатта өзүм кайра аткардым.

Бул чыгарманы он беш жылдай мурун кыздардан куралган "Ассалом" деген топ ырдап чыккан. Бирок азыркыдай атактуу болгон эмес эле.

- Көп жыл мурун "Ассалом" тобун түзүп, өзүм продюсер болгом. Топтун кыздарына "Кыргызстаным" деген ырды жазып жатканда мекенибизде тынчтык, достук, ынтымак болсун деген ниет менен жараткам. Кийин ал топ ар кандай себептер менен тарап кетти. Музыкантка өзү жараткан ар бир обон, ар бир ыр өз баласындай кадырлуу. Ошондуктан ыр жоголуп кетпесин деген максатта өзүм кайра аткардым. Той-топурда, жакындарымдын арасында ырдап жүргөм, - деген Мукарам Мадаминова ырга клип тартууну ойлогон эмес. Анткени Оштогу Чайковский атындагы искусство мектебин жетектеп, фортепианодон сабак да берип иштегендиктен, клипке убактысы да тартыш болчу:

- Көп досторум мага ырды мактап, клип тартууну сунушташты. Эл уксун, көрсүн дешти. Ойлонсом, чын эле жакшы идея. Анан Оштогу таланттуу фотограф, оператор Илья Тарасовго айттым. Жети жыл мурда кыргыз-өзбек арасында кандай калаба болду, эсибизде. Мындан ары андай жаңжал болбосун деген максатта жакшы клип кылууну сүйлөштүк. Ал макул болуп, Кыргызстандын түрдүү жерлеринде тасмага түшүрдүк. Ош калабасы июнда болбоду беле, мен да клипти июнда чыгарып, элди биримдикке чакырууну көздөгөн болчумун. Улутка бөлүнбөйлү деген ойду билдиргим келди. Анткени кыргызстандык өзбектер да мекенди сүйүшөт.

Мукарам Мадаминова Кыргыз эл ырчысы Саламат Садыкова менен.
Мукарам Мадаминова Кыргыз эл ырчысы Саламат Садыкова менен.

Аталган ыр мекенди даңктаган ондогон чыгармалардын катарын толуктады. Бирок коомчулукта алкоого алынып жатканы бекеринен эмес. 2010-жылдагы улут аралык кагылыштан соң коомчулукта мындай ырларга муктаждык пайда болгон эле. Мукарам Мадаминова ошол боштукту толтурууга аракет кылганын белгилейт:

- Кыргызстанда жашаган элдер бири-бирибизди колдошубуз керек. Ошондо өлкөбүздө ийгиликтер жаралат.

Клипте Кыргызстандын жети дубаны даңазаланат. Мукарам Мадаминова мурда да ырчылыкка аралашып жургөнү менен, коомчулукка дал ушул чыгармасынан соң таанылганын айтат. Андан бери майрамдык кечелерге чакыруулар токтобой, ал тургай өкмөттүк кечелерде ырдай баштаганын билдирди.

Ош аябай кооз шаарга айланды. Ошол сулуулукту башкаларга көрсөтөйүн дейм. Кыргызстан кичинекей эле өлкө болгону менен Ошту көрө элек жарандарыбыз бар. Ошолорго көрсөтөйүн деген оюм бар.

Биз да ырчы менен Бишкектеги ресторандардын биринде, музыка өнөрү боюнча өтүп жаткан сынакка калыстык кылып отурган жеринен кезиктик:

- Мен абдан кубанычтамын. Жасаган ишиң жакшы кабыл алынса, сүйүнөсүң. Бул менин ишим, албетте сүйүнөм.

Мукарам Мадаминова мугалимдик жана ырчылык менен элек чектелбейт. Майрамдык кечелерде алып баруучулук кылып да жүрөт:

- Искусство мектебинде 35 жылдан бери иштеп жатам, анын 25 жылын жетекчилик кызматка арнадым. Андан тышкары майрамдарда Ош шаарындагы борбордук аянтта өткөн оюн-зоокторго орус тилинде алып баруучулук кылып жүрдүм. 9-май, Эгемендик күнү жана Ноорузда алып баруучулук кылгам. Текстин, ырларын өзүм жазчумун. Бирок акыркы жылдары майрамдар көбүнчө кыргыз тилинде гана болуп жатат. Ошондуктан коомдук оюн-зоокторду алып барбай калдым.

Жакында Ош шаарын даңктаган "Ошум" деген ыр жаздым. Эми клип тартайын деп жатам. Анткени Ош аябай кооз шаарга айланды. Ошол сулуулукту башкаларга көрсөтөйүн дейм. Кыргызстан кичинекей эле өлкө болгону менен Ошту көрө элек жарандарыбыз бар. Ошолорго көрсөтөйүн деген оюм бар.

Баянды бул жерден угуңуз:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG