Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:56

Билим берүү министрлиги "Сапат" боюнча Түркияга жооп кайтарды


"Сапат" билим берүү мекемесинин быйыл июлда Бразилиядагы олимпиададан байге алган окуучулары.
"Сапат" билим берүү мекемесинин быйыл июлда Бразилиядагы олимпиададан байге алган окуучулары.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги Түркиянын билим министринин орун басары Орхан Эрдемдин айткандарын кыргыз коомчулугу менен бийлигине басым, "Сапат" билим берүү мекемелерин дискредитациялоо аракети катары карайт.

Министрдин орун басары Салидин Калдыбаев Кыргызстандагы "Сапат" жалпы билим берүү мекемелери 1992-жылдан бери иштеп келе жатканын, бул мезгил аралыгында он миңден ашуун жаран татыктуу билим алганын, анын ичинде түрк тилин жана маданиятын үйрөнгөнүн "Азаттык" радиосуна билдирди. Ага чейин министрлик тараткан билдирүүдө "Сапатта" билим алгандар Кыргызстан менен Түркия элдерин байланыштырган маанилүү көпүрө экени эске салынган.

Мындан тышкары "Сапат" мектептерин террордук уюмдар менен салыштыруу туура эместиги, бул мекемелерде билим алганы үчүн деген гана жүйө менен анда окугандар менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө санкция салуу кабыл алынбасы, Түркиянын расмий адамдарынын билдирүүсү жоопкерчиликсиз экени белгиленген.

Ушул тапта бардык мектептер Кыргызстандын аймагында мыйзам чегинде иштеп жатканы, Билим берүү министрлиги "Сапат" билим берүү мекемелерин негиздөөчүлөрдүн бири катары окуу процессин, анын ишмердүүлүгүн толук көзөмөлдөй турганы жазылган.

Буга чейин Түркиянын Билим министрлигинин сайтында “Сапат” мекемесинде билим алгандар жана алардын жакындары Түркияга кире албай турганы жазылган. Маалыматка караганда, түрк билим берүү министринин орун басары Орхан Эрдем бул тууралуу "Кыргызстанда диний билим берүүнүн өнүгүүсү" деп аталган иш-чарада сүйлөгөн. Ал АКШда жашаган диний аалым Фетхуллах Гүлендин түрк бийлиги ФЕТО деп атаган кыймылы террордук экенин кайталап, уюмдун Кыргызстанда тамыр жайганын маалымдаган. Тез арада бул мектептерди Түркия курган “Маариф” мекемесине өткөрүүнү сунуштаган.

Кыргызстанда Гүлендин жолдоочулары түзгөн деген окуу жайлардын бири “Себат” эл аралык билим берүү мекемеси быйыл апрелде жергиликтүү билим берүү мекемеси болуп кайра катталып, аталышы "Сапат" болуп өзгөртүлгөн. Кыргызстандын Билим берүү министрлиги да мекеменин башкаруу чөйрөсүнө киргизилген. Президент Алмазбек Атамбаев “Сапат” мектептери жабылбайт деп билдирген.

Түркия бийлиги былтыр 15-июлда ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш аракетине Фетхулла Гүленди жана анын жолун жолдоочуларды айыптаган. Түркияда "гүленчи" деген шылтоо менен он миңдеген кишилер кызматтан айдалган, көбү абакта кармалууда.

Расмий Анкара Гүленди жалпы жонунан 2000 жылга абакка кесүүнү сунуштаган. Бирок АКШ Гүленге каршы дооматтарга далил жок деген негизде аны Түркияга өткөрүп берген эмес. Гүлен өзүнө коюлган доолорду негизсиз деп четке кагып, төңкөрүш аракетин бийлик атайлап уюштурган деген оюн билдирген. (NT/ElB)

XS
SM
MD
LG