Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:52

Жанар Акаев: Текебаев камалса, демократия да камалган болот


Жанар Акаев
Жанар Акаев

Эгерде бүгүн сот Текебаевди камай турган болсо, адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту, демократияны кошо түрмөгө камаган болот. Мындай пикирин бүгүн Текебаевдин сотуна барган жаш саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди:

- Текебаевдин иши саясий негизде экенин ар бир кыргызстандык түшүнүп калды. Азыр сын айткан кишини эптеп камап жок кылуунун аракети көрүлгөн учурлар көп болууда.

Орусиялык жарандар Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде козголгон кылмыш иш боюнча "Ата Мекен" партиясынын лидери, парламенттеги фракциянын төрагасы Текебаев 1 миллион доллар пара алган, мурдагы ӨКМ башчысы Чотонов аны өткөрүп берген деп соттолууда. Өзүлөрү муну саясий куугунтук деп атап келет.

Кылмыш ишти козгогон Башкы прокуратура саясий себеп жок экенин айткан.

Тарапкерлер менен адвокаттар бүгүн сот өкүмү чыгышы мүмкүн экенин айтууда.

Жанар Акаев 2015-жылы парламентке КСДП партиясы аркылуу келген. Кийин ал "позициялар дал келбей калды" деген негизде фракциядан чыгарылган, азыр ал эркин депутат. (RK)

XS
SM
MD
LG