Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:39

Чүйдө жана Ошто эки жаңы мектеп ачылды


Чолпон жана Күңгөй айылдарындагы мектептер.
Чолпон жана Күңгөй айылдарындагы мектептер.

Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын көмөгү менен Чүйдө жана Ошто эки мектеп ачылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган уюмдун маалымат катчысы Рахматулла Мухаммед билдирди.

Чүйдүн Чолпон жана Оштун Күңгөй айылдарындагы эки мектеп тең мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди, алардын расмий ачылышы дем алыш күндөрү КРнын президентинин аппаратынын, Билим жана илим министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.

Чолпондогу 150 орундуу жана Күңгөйдөгү 170 орунга ылайыкталган мектептер тиешелүү эмерек, класстык жасалга, видеокөзөмөл апараттары менен жабдылып, короо-жайы тосмолонду.

Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы Кыргызстанда жалпысынан 30 мектеп, 8 фельдшердик-акушердик пункт жана 200дөн ашык мечит куруп берген.

Быйыл 24-апрелде билим жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева парламентте маалымат берип жатып Кыргызстанда 193 мектеп авариялык абалда, алардын 56сы Ош, ал эми 42си Ысык-Көл облусунда экенин айткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG