Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:15

А.Атамбаев: Улуу Үркүн тарыхтагы акыйкат ордун алды


Үркүн тууралуу тасмадан эпизод
Үркүн тууралуу тасмадан эпизод

Бугүн 1916-жылдагы Улуу Үркүндүн курмандыктарын эскерүү күнүн утурлай, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Кайрылууда: "...кыргыздар чачырап барып, аз жерден жок болуп кете жаздаган бул окуя бир жыл мурда - анын 100 жылдыгында мамлекеттик деңгээлде белгиленип, акыры тарыхтагы акыйкат ордун алды. Элибиздин тарыхындагы эң трагедиялуу барактардан болгон бул каргашаны ондогон жылдар бою улуттук эс-тутумдан жоготуу аракеттери болгон. Эгемендик жылдарында жигердүү жана патриот жаштардын тарыхый чындыкка жетүү аракеттери жогору жактан ойдогудай колдоо таппай калган. 2016-жылы биз элибиздин мойнунда жүз жыл бою оор жүк болуп келген ыйык парзыбызды өтөдүк", - деп айтылат.

Президент ошондой эле "мамлекетибизди жана эркиндигибизди көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз" деп белгиледи.

1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылган соң, орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон. Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын калк саны дээрлик 40% азайган. Көпчүлүк тарыхчылар бул каргашалуу окуядан улам бери дегенде 120 миң кыргыз набыт болгонун, башка да казак, дунган, уйгур тектүү далай көтөрүлүшчүлөр өмүрүнөн ажыраганын белгилешет. Айрым орус жана украин тургундар Ысык-Көлдө кыргыздардын оторчулукка каршы боштондук көтөрүлүшү тарабына өтүшкөнү маалым.

Совет учурунда, өзгөчө 1950-80-жылдары, улуттук боштлндук көтөрүлүш жана Улуу Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, бул окуяларга объективдүү баа берилген эмес.

Президенттер С.Саргсян А.Атамбаев, В.Путин жана өкмөт башчы П.Филип "Ата Бейиттеги" эстеликке гүлдесте коюшууда. 17.9.2016.
Президенттер С.Саргсян А.Атамбаев, В.Путин жана өкмөт башчы П.Филип "Ата Бейиттеги" эстеликке гүлдесте коюшууда. 17.9.2016.

Былтыр, Улуу Үркүндүн 100 жылдыгын эскерүү иш-чараларынын алкагында автоунаа жүрүшү уюштурулуп, "Ата-Бейитте" жана башка жайларда 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштө шейит кеткендерге жаңы эстеликтер тургузулган.

"Азаттык" радиосу Улуу Үркүнгө арнап атайын эскерүү долбоорун ишке ашырган.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин токтому менен август айынын биринчи жума күнү Улуу Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган. (RK)

XS
SM
MD
LG