Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:48

ЮНИСЕФ: Кыргызстанда ымыркайлардын 41% гана эне сүтү менен багылат


Эне сүтүнүн бала үчүн маанилүүлүгү тууралуу ЮНИСЕФ, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Дүйнөлүк саламаттык уюму пресс-конференция уюштурду
Эне сүтүнүн бала үчүн маанилүүлүгү тууралуу ЮНИСЕФ, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Дүйнөлүк саламаттык уюму пресс-конференция уюштурду

Кыргызстанда ымыркайлардын 41 пайызы гана эне сүтүн эмет. Муну Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду менен Дүйнөлүк саламаттык уюму жүргүзгөн изилдөө аныктады.

Дүйнөдөгү балдардын 60 пайызы 6 айга чейин энесинин сүтү менен гана азыктанса, Кыргызстан бул көрсөткүчтөн артта калууда.

ЮНИСЕФтин Саламаттык программасынын координатору Дамира Бакированын айтымында:

- 41% Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында жакшы көрсөткүч деп эсептелет, бирок жок дегенде 50% жетүү зарыл.

2008-жылы кабыл алынган эмчек эмизүүнү коргоо мыйзамы аткарылбай жатат дешет эл аралык уюмдун өкүлдөрү. (BCH)

XS
SM
MD
LG