Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Пакистандын Жогорку Соту премьер-министрди кызматтан кетирди


Наваз Шариф
Наваз Шариф

Пакистандын Жогорку Соту премьер-министр Наваз Шарифти иштен кетирди. Соттун 28-июлдагы чечиминен кийин өкмөт башчы кызматын тапшырганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Соттук териштирүүгө 2016-жылы Панама досьесинде ачыкка чыккан маалыматтардан кийин премьер-министрге коюлган коррупция айыптары себеп болду.

Иликтөөчүлөр тобу Шарифтин үй-бүлөсү офшордук компанияларда миллиондогон доллардык байлыгын каткан деген бүтүмгө келишкен. Шариф жана анын жакындары айыптарды четке каккан.

Пакистандын медиасы Наваз Шариф жана анын үй-бүлөсүнө карата кылмыш иши ачылышы мүмкүндүгүн кабарлады.

XS
SM
MD
LG