Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:21

Шайлоо: Тил сынактан өткөн президенттикке талапкерлерге күбөлүк тапшырылды


Кыргызстандын Мамлекеттик тил комиссиясы билдиргендей, президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча сынак (тестирлөө) улантылууда. Бүгүн президенттик шайлоодо талапкер катары катталуу үчүн БШКга арыз берген Турсунбай Бакир уулу, Бакыт Төрөбаев, Таалатбек Масадыков, Өмүрбек Бабанов тест тапшырып жатат.

27-июлда Рита Карасартова 86 балл, Бакыт Дегенбаев 89,5 балл, Сайнидин Султанидинов 60,35 балл, Камила Шаршекеева 80,9 балл алды. Андан мурда Назарбек Нышанов 74,15, Темир Сариев 81,8 балл, Арстанбек Абдылдаев 61,2 балл менен сынакты ийгиликтүү тапшырды деп табылган. Тест тапшыргандардын баарына кыргыз тилин В2 деңгээлинде билет деген атайын күбөлүк (сертификат) берилди.

Президент болууну көздөгөндөр тил сынагын 26-июлдан тарта тапшыра баштады. Мамлекеттик тилди билгенин аныктаган сынактан өтүү - президенттик кызматка талапкерлерди расмий каттоо үчүн коюлган башкы талаптардын бири. (NT)

XS
SM
MD
LG