Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:10

Салянова: Текебаев-Чотоновдун ишин тергөөдө одоно мыйзам бузуу болгон


"Ата Мекен" партиясынын өкүлдөрүнүн маалымат жыйыны. Бишкек. 27-июль, 2017-жыл.
"Ата Мекен" партиясынын өкүлдөрүнүн маалымат жыйыны. Бишкек. 27-июль, 2017-жыл.

"Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишин тергөөдө одоно мыйзам бузууларга жол берилген. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш депутаты, экс-башкы прокурор Аида Салянова 27-июлда Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди:

- Тергөө тобунун жетекчиси болбогон экен. Мусаканов деген жетекчи болом деп жазган экен. Бирок тергөө тобунда ал жөнүндө сөз жок. Ал кирген эмес. Тергөө тобуна кирбей туруп кантип анын жетекчиси боло алат? Мына, тергөө башталганда эле чоң одоно мыйзам бузуу болгон. Бирок буга да судьянын жообу даяр: "Баары мыйзамдуу" деген. Адвокаттар тарабынан өтүнүч киргизилип жатса, мыйзамсыз деп атат.

Кыргызстандын тартип коргоо органдары Салянованын билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Кечээ (27.7.2017) Өмүрбек Текебаевге президенттик шайлоого катышуу үчүн мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүүгө уруксат берүү талабы менен "Ата Мекен" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Асия Сасыкбаева, юрист Канатбек Азиз, парламенттеги фракциянын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова жана Наталья Никитенко маалымат жыйын берген. Эгер бул талап аткарылбаса, партиянын бир нече мүчөсү ачкачылык жарыялай турганы айтылган.

26-июлда ишти териштирип жаткан Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутаттын президенттик шайлоого талапкер катары катталуу үчүн мамлекеттик тил сынагын тапшыруу өтүнүчүн четке каккан. Буга байланыштуу "Ата Мекен" партиясынын юристтери анын сынак тапшыруусун камсыздоо талабы менен БШКга кайрылышкан. Борбордук шайлоо комиссиясы Текебаевге мамлекеттик тил боюнча сынакка катышуу үчүн сотко кайрылууну сунуштаган.

Текебаевдин үч адвокаты ден соолугун жүйө келтирип сот жүрүмүнө келбей калгандыгына байланыштуу депутатка мамлекеттик жактоочу сунушталган. Депутат андан баш тартып, төртүнчү адвокат таап келүүгө убакыт сураган, бирок ал өтүнүч четке кагылган соң, сотто кайым айтышуу чыгып, судья Айбек Эрнис уулу Ө.Текебаевди да, Д.Чотоновду да сот залынан чыгарган.

27-июлда жараянды жылдыруу тууралуу актоочу тараптын өтүнүчү канааттандыруусуз калып, териштирүү адвокаттар жана айыпталуучулардын өздөрүнүн катышуусуз өткөн. Чотоновдун адвокаты Марат Эшперов "кылмыш иштин материалдарын иликтөөдө алешемдиктер бар" деген негизде аны кайра тергөөгө жиберүүнү өтүнүп, ал өтүнүч да канааттандырылган эмес. Эшперовдун сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүү тууралуу кезектеги өтүнүчүнө судья Айбек Эрнис уулу макул болгон эмес.

Кыргызстандын укук коргоочулары бул сот жүрүмүн "саясий өңүттө токулган доолорго ылайык" өтүп жатат деп сынга алышууда. (NT)

XS
SM
MD
LG