Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:16

АКШ конгрессмендери санкция боюнча мунаса табышты


АКШ сенатору Боб Коркер. 13.6.2017.
АКШ сенатору Боб Коркер. 13.6.2017.

АКШ Конгрессиндеги республикачы лидерлер санкция мыйзамын кабыл алууга жол ачкан макулдашууга жетишкенин 26-июлда билдиришти.

Эгер ал мыйзамгерлердин толук колдоосуна ээ болсо Орусия, Иран жана Түндүк Кореяга жаңы санкциялар (чектөөлөр) киргизилет. Андан тышкары президент Дональд Трамптын санкцияларды өз алдынча жумшартуу же жокко чыгаруусун чектейт.

Мыйзам долбоорун 25-июлда АКШнын Өкүлдөр палатасы дээрлик бир добуштан колдогон. Ал эми Сенат долбоорду мурдараак кабыл алып, анда Орусия менен Иранга өзгөчө көңүл бурулган. Кийинчерээк ага Түндүк Корея кошулуп калганына айрым сенаторлор, алардын ичинде республикачы Боб Коркер каршы чыккан эле.

Сенаттын Эл аралык мамилелер боюнча комитетинин төрагасы Боб Коркер эми бул мыйзам долбооруна колдоосун билдирди: "Биз санкциялар тууралуу мыйзам долбоорун президентке жөнөтө турган макулдашууга жетиштик деп жарыялаганыма кубанычтамын".

Эгерде бул мыйзам кабыл алынса, анда мурдагы президент Барак Обаманын учурундагы Орусиянын АКШдагы шайлоого ыктымал кийлигишүүсү, Крымды каратып алышы боюнча санкциялар ого бетер бекемделет.

XS
SM
MD
LG