Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Таймырдын тургундары автономия макамын талап кылышууда


Таймыр шаарынын Дудинка аянты.
Таймыр шаарынын Дудинка аянты.

Орусиянын Таймыр аймагындагы демилгечилер тобу шейшембиде үчүнчү ирет аймакка автономия макамын берүү боюнча референдум өткөрүү талабы менен шайлоо комиссиясына документтерин тапшырды.

Топтун өкүлү Стелла Кох "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматына курган маегинде Эвенкия аймагынын өкүлдөрү да Конституциялык сотко кайрылуу жиберип, аймактарды бириктирүү боюнча конституциялык мыйзамга баа берүүнү өтүнүшкөнүн айтты.

Буга чейин таймырлыктардын ушундай эле кайрылуусу натыйжа берген эмес.

2000-жылдары Таймыр жана Эвенкия автономиялык аймак деген макамдарынан ажырап, Краснодар крайына кошулган. Жергиликтүүлөр маселелерин чечүү үчүн алыскы Норильск шаарына барууга мажбур болуп жатышканын айтып, аймактагы медицина, билим берүү тармактарынын деңгээли төмөндөп кеткенине нааразылык билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG