Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:20

Текебаев-Чотоновдун сотунда эртеңкиге чейин тыныгуу жарыяланды


Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун соту 27-июлда уланат. Мындай чечимди бүгүн ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу кабыл алды.

"Ата Мекен" партиясынын юристтери билдиришкендей, бүгүнкү жараянда айыпталуучулардын адвокаттары Чынара Жакупбекова менен Канат Хасановдун ооруп калганына байланыштуу актоочу тарап сотту жылдыруу өтүнүчүн келтиришкен. Сот Текебаевге кезметтеги адвокаттардын бирин сунуштап, бирок абактагы депутат андан баш тартканына байланыштуу териштирүүнү эртеңкиге калтырды. Адвокат Жакупбекова өткөн аптадагы жараяндардын биринде өзүн жаман сезип ооруканада экени айтылган. Экинчи адвокат Канат Хасанов да жүрөк оорусу кармап дарыланып жатканын кабарлады.

Өмүрбек Текебаев быйыл 26-февралда Түркиядан келген учурда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга эки айга камалган. Башкы прокуратура ага орусиялык жаран Алексей Модин аркылуу орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айтып убада кылган" деген доонун негизинде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, атайын кызматка өткөрүп берген. Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында анын партиялашы, саясатчы Дүйшөнкул Чотонов да кармалган.

Депутат Текебаев, саясатчы Д.Чотонов жана алардын жактоочулары муну "атайын саясий буюртма боюнча уюштурулган сот иши" катары сыпаттап, өздөрүнүн актыгын айтып келишет. (NT)

XS
SM
MD
LG