Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:23

Атамбаев: 2020-жылдагы парламенттик шайлоого КСДПны таптайм


Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдөгү басма сөз жыйынында. 24-июль, 2017-жыл.
Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдөгү басма сөз жыйынында. 24-июль, 2017-жыл.

2020-жылдагы парламенттик шайлоого КСДПны таптай турганын президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Чолпон-Ата шаарында өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, президенттиктен кеткенден кийин өзү негиздеген партияны тазалап, 2020-жылдагы шайлоого даярдоо аракеттери жүрөт.

Атамбаев аталган фракциянын азыркы айрым депутаттарына нааразы экенин жашырбады. Муну менен катар бийликти тапшыргандан кийин чыгармачылык менен алектенерин жана кыргыз тилин өнүктүрүүгө күч жумшай турганын кошумчалады.

Атамбаевдин президенттик мөөнөтү быйыл 1-декабрда соңуна чыгат. Ал эми президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (NT)

XS
SM
MD
LG